ММКФнын 2026-жылга карата бюджети 10,7 млрд сомду түзөт
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2026-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча негизги параметрлерин жана 2027–2028-жылдарга болжолдуу көрсөткүчтөрүн бекитүү болуп саналат.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2026-жылга бюджети кирешелер боюнча 10 737 596,0 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 10 737 596,0 миң сом суммасында, 2027-жылга болжолу 11 310 222,3 миң сом жана 2028-жылга болжолу 12 054 547,2 миң сом суммасында түзүлдү.
Фонддун 2026-жылга бюджетин түзүүчү негизги булактар болуп республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен берилүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелет.
2026-жылга республикалык бюджеттен берилүүчү ассигнациялоолордун келип түшүүсү 2 057 870,4 миң сом көлөмүндө бекитилген.
2026-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен берилүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн каражаттарынын келип түшүүсү 6 503 418,2 миң сом өлчөмүндө бекитилген.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин 2026-жылга карата жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчасынын көлөмү 541 951,5 миң сом суммасында белгиленген.
Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
