Бишкекте жыл башынан бери 8,8 миң мыйзамсыз объект боюнча чара көрүлдү
Бишкек мэриясы
1 ноябрь

Бишкекте жыл башынан бери 8,8 миң мыйзамсыз объект боюнча чара көрүлдү

2026-жылдын башынан бери Бишкек шаарында 8 миң 800 мыйзамсыз объектке карата тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын кызматкерлерин сыйлоо аземинде билдирди.

Анын айтымында, аныкталган объектилердин айрымдары буга чейин буздурулган. Калгандарын мыйзам талаптарына ылайык келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Мэр бул иштердин натыйжасында шаардагы парктардын жана скверлердин аймактары кайтарылып, коомдук жайлар калыбына келтирилип, аларды мындан ары көрктөндүрүүгө даярдык көрүлүп жатканын белгиледи.

Жогорку көрсөткүчтөрү үчүн Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын 20 кызматкерине 50 миң сомдон акчалай сертификаттар тапшырылды.

Буга чейин дагы 10 кызматкерге ушундай эле сертификаттар берилген.

Айбек Жунушалиев муниципалдык кызматтардын кызматкерлерине мыйзам бузууларды аныктоо жана шаарда тартипти камсыз кылуу боюнча аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди.