Кыргызстанда өзү жүрүүчү техникалардын электрондук паспортторун киргизүү пландалууда
1 ноябрь

Кыргызстанда өзү жүрүүчү техникалардын электрондук паспортторун киргизүү пландалууда

Кыргызстанда өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун киргизүүгө даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү жана транспорт каражаттарынын электрондук паспорттору системасынын катышуучулары менен өткөн жумушчу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча билдирди.

Талкууга Россиянын Стандартташтыруу боюнча федералдык агенттигинин (Росстандарт), «Электронный паспорт» акционердик коомунун, Казакстандын Өнөр жай жана курулуш министрлигинин жана «Улуттук маалыматтык технологиялар» акционердик коомунун өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын улуттук операторлорунун ортосунда автоунаалардын, шассилердин жана өзү жүрүүчү техникалардын электрондук паспорттору системасы боюнча маалымат алмашуу маселелери каралды.

Ошондой эле Кыргызстандын жана Россиянын мамлекеттик көзөмөл органдарынын маалыматынын негизинде транспорт каражаттарынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктөрдү тариздөө жана жокко чыгаруу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, бажы маалыматтарын, чектөөлөр жана каттоо аракеттери тууралуу маалыматтарды алмашууга, ошондой эле транспорт каражаттарынын маркаларынын бирдиктүү маалымдамасын жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйындын катышуучулары транспорт каражаттарынын электрондук паспорттору системасын мындан ары өнүктүрүү жана Кыргызстанда өзү жүрүүчү машиналардын электрондук паспортторун ишке киргизүү пландарын да карашты.