Депутат “адвокаттар төлөгөн төлөмдүн эсебинен 100 миң сом айлык алган” КР Адвокатурасынын төрайымын сындады
27 январь

Депутат “адвокаттар төлөгөн төлөмдүн эсебинен 100 миң сом айлык алган” КР Адвокатурасынын төрайымын сындады

КР Адвокатурасынын төрайымы Мейил Бегилерованын айлык акысы жүз миң сом. Бул Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында депутат Кубанычбек Самаковдун нааразычылыгын жаратты. 

Депутат өзү да лицензиялуу адвокат экенин, бирок учурда депутаттык ишмердүүлүгүнө байланыштуу лицензиясы убактылуу токтотулганын билдирди. 

“Сиз жүз миң айлык алат экенсиз, а аймактарда иштеген адвокаттар 15-20 миң үчүн жарандардын укугун коргоп жүрүшөт. Эл муну укса эмне дейт болду экен? Же эмне иш менен алектенериңиз белгисиз”, – деди депутат. 

Төрайым Адвокатура адвокаттардын укугун коргоо жаатында иш алып бараарын белгиледи. Депутатка бул аргумент дагы жаккан жок. 

“Эмнеге адвокаттардын укугун коргойсуздар? Жарандардын укугун коргош керек эмеспи? Укугу корголбой бейкүнөө соттолуп кеткен канча деген жарандар бар. Мисалы, Россия жергесинде миллиондогон кыргызстандыктар иштеп, акчаларын мекенине которуп жүрүшөт. Ошолор “кызыл светофордон өтүп кетти, бирөөнү акырая карап койду” деген жүйөлөр менен кордук көрүп жатышат. А сиз жүз миң сом айлык алып, анан адвокаттарды коргойбуз деп жатканыңыз туура эмес. Кеңешменин 9 мүчөсү менен 200 сомдук мүчөлүк акыны мындан да көбөйтүүгө аракеттенип жатасыз. Бул айланып келип эле сиздин айлыгыңызды көбөйтөт. А укуктук жардам албаган жарандар ошол албаган бойдон кала беришет”, – деди депутат. 

Мейил Бегилерова адвокаттар да ар кандай куугунтуктарга, басымдарга кабылаарын, андай учурда аларга дагы коргоо керектигин билдирди. Ошондой эле учурда Россия жергесинде кыргызстандык 25 адвокат иш алып бараарын, бирок Кыргызстанда лицензия алган адвокаттардын лицензиясы Россияга өтпөй турганын, ал жактагы сот процесстерге катышуу үчүн эки өлкө тааныган лицензия керектигин айтты. Ошондой эле, эки өлкө тааныган лицензиясы болгон учурда дагы кыргызстандык адвокат сот процесстерине россиялык адвокат менен биргеликте гана катышууга укук алаарын кошумчалады.