Улуттук статком: Ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин орточо эмгек акысы 42 миң сомду түздү
15 октябрь

Улуттук статком: Ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин орточо эмгек акысы 42 миң сомду түздү

Кыргызстанда ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин ушул жылдын январь-сентябрь айларындагы орто номиналдык айлык акысы 19,6 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Назира Керималиева маалымат жыйынында билдирди.

Айтымында, 2025-жылдын тогуз айында ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин орточо эмгек акысы 42 миң 648 сомду түзгөн.

Ал белгилегендей, айлык акынын байкалаарлык жогорулашы кыймылсыз мүлк менен иштөө тармагында, курулушта, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүктө, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык тейлөө жаатында, мейманкана жана ресторан бизнесинде, мамлекеттик башкаруу жана коргоо, милдеттүү социалдык камсыздандырууда, финансылык ортомчулукта жана камсыздандырууда, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу тармагында орун алган.