Кыргызстанда бир жумада 255 мас айдоочу кармалды
Кыргызстандын аймагында 15-сентябрдан 21-сентябрга чейин, алдын ала маалымат боюнча, 22 миң 692 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 1 379;
- Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - 255;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 146;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 655;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 546;
- Авто ээнбаштык - 17;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3 633;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 7;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 10 502.
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 552 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
