Кыргызстан биринчи жолу БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болду
www
4 июнь

Кыргызстан биринчи жолу БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болду

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Бул тууралуу 3-июнда белгилүү болду. 

Шайлоого жалпы 191 мамлекет катышып, жыйынтыгында Кыргызстан Филиппинди артта калтырып, 142 добуш менен жеңишке жетишти. 

Кыргыз Республикасы Коопсуздук кеңешиндеги эки жылдык мөөнөтүн 2027-жылдын 1-январынан тартып баштайт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров социалдык тармактагы расмий баракчасында "Биз БУУнун жаңы тарыхын жазууга катышабыз", - деп жазды.