Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
8 июль

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу бала бакчанын имараты жана ага чектеш 5453,45 кв.м. жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп берилип, андан соң бир нече жолу колдон колго сатылгандыгы аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгы менен жалпы баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.