Тилек Текебаев Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулуш иштеринен кабар алды
10 сентябрь

Тилек Текебаев Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулуш иштеринен кабар алды

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев бүгүн, 10-сентябрда Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында жүрүп жаткан Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулуш иштеринен кабар алды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Облус башчысы объекттердеги атайын базаларды жана тоннелдердин курулуш иштерин көрүп чыкты. Андан соң Сузак районунун Барпы айылынын тургундары менен жолугушуп, жергиликтүү тургундардын суроо-талаптарын укту.

Кыдыруунун жүрүшүндө Тилек Текебаев кытайлык компания жетекчилерине темир жолдун курулушунда бекитилген бардык нормалардын сакталуусу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылуу, экологиялык жана санитардык талаптарды сактоону эскертти.