Ошто 12-сентябрда айрым көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилет
Ошто 12-сентябрда айрым көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Белгилей кетсек, 11-12-сентябрь күндөрү Алай районунда Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленет.
Ушуга байланыштуу, коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө максатында Ош облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшөт.
Ал эми, 12-сентябрда саат 08:00дөн 24:00 чейин Ош-Эркештам жолунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Ошондой эле, Алай районунун Гүлчө айылынын борбордук Алымбек датка, А. Уметалиев жана Ш. Досматов көчөлөрүндөгү жол кыймылына убактылуу чектөө коюлат.
"Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдыгына арналган иш-чаралар учурунда коопсуздук үчүн киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз. Тыгындардын алдын алуу үчүн жол багытыңыздарды алдын ала мерчемдеп алууну, жол кыймылынын эрежелерин сактоону сунуштайбыз. Ошондой эле, коомдук тартипти сактап, тазалыкка көңүл бурууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.
