КР элчиси Өзбекстандын суу чарба министри менен жолукту
Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстандын суу чарба министри Шавкат Хамраев менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Тиешелүү тармактагы кызматташтык, анын ичинде эки өлкөнүн биргелешкен суу чарба комиссиясынын ишмердүүлүгү канааттануу менен белгиленди. Мындан ары пландаштырылган эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы иш-чаралар талкууланды.
Суу эки тараптуу мамилелерде бириктирүүчү фактор болуп саналат деген пикирге келишти. Чыга турган маселелер боюнча ыкчам өз ара аракеттенүүгө макулдашышты жана бул тармакта өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого даяр экендигин билдиришти.
