Энергетика министрлиги жана Дүйнөлүк банк кызматташуунун жаңы баскычын талкуулашты
Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл жана уюмдун эксперттери менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.
Алгач Хью Ридделл Алтынбек Рысбековду энергетика министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, аны тармак үчүн жаңы адам катары эмес, энергетика секторунда көп жылдан бери тыгыз иштеп келген тажрыйбалуу адис катары баалай турганын белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика тармагында биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлордун учурдагы абалын жана алдыдагы кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулашты. Ошондой эле Энергетика министрлиги менен Дүйнөлүк банктын алкагында ишке ашырылып жаткан KEMS жана REMIT долбоорлорунун жетекчилигинде болгон өзгөрүүлөргө байланыштуу жаңы долбоор жетекчиси Кабир Малик тааныштырылды. Буга чейин бул долбоорлорду жетектеп келген Максуджон Сафаровго ыраазычылык билдирилип, анын ордуна дайындалган Кабир Малик менен кызматташтыкты мындан ары да активдүү улантуу боюнча пикир алмашуу болду.
Мындан тышкары, ал 14-июнда биринчи этабы ишке киргизилген жалпы кубаттуулугу 1900 МВт болгон күн электр станциясы долбоорунун башталышы менен куттуктап, бул энергетика тармагындагы реформалардын жана инвестициялык саясаттын ийгиликтүү натыйжаларынын бири экенин белгиледи. Хью Ридделл аталган окуя министр Алтынбек Рысбековдун ишмердүүлүгүнүн башталышына туш келгенин белгилеп, бул тармак үчүн жакшы саамалык экенин айтты. Ал энергетика тармагында калыптанган оң динамика жана иштин жогорку темпи мындан ары да сакталып, башталган демилгелер ийгиликтүү уланарына ишенимин билдирди.
Хью Ридделл акыркы айларда министрлик менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жүрүшү кыйла ылдамдап, натыйжалуулугу жогорулаганын өзгөчө белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндөгү иштердин темпи бир нече ай мурдагы көрсөткүчтөр менен салыштырганда олуттуу айырмаланып, долбоорлордун аткарылышы сапаттуу жаңы деңгээлге чыккан.
«Акыркы мезгилде долбоорлорду ишке ашырууда абдан жакшы динамика байкалууда. Бир нече ай мурдагы абал менен азыркы көрсөткүчтөрдү салыштырганда айырма абдан чоң. Бул темп сакталат жана биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырыла берет деп ишенем», – деди ал.
Өз кезегинде министр Алтынбек Рысбеков Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергетика тармагындагы эң ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөштөрдүн бири экенин белгилеп, учурда ишке ашырылып жаткан бардык долбоорлор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоодо, башкарууну санариптештирүүдө жана тармактын натыйжалуулугун жогорулатууда өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.
«Дүйнөлүк банк менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлор энергетика тармагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошууда. Биз башталган иштерди үзгүлтүксүз улантып гана тим болбостон, алардын аткарылышын мындан ары дагы ылдамдатууга жана жаңы демилгелерди ишке ашырууга даярбыз. Министрлик менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы тыгыз жана конструктивдүү кызматташтык мындан ары да бекемделе берет», – деди министр.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар энергетика тармагындагы реформаларды алдыга жылдыруу, инвестициялык долбоорлорду өз убагында ишке ашыруу жана Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын модернизациялоо боюнча кызматташууну мурдагыдан да жогорку деңгээлде улантуу боюнча өз ара ишенимин билдиришти.
