Кыргызстанда акыркы жыйырма жылда пенсионерлердин саны дээрлик 300 миң адамга көбөйдү
Сүрөт ачык булактардан алынды
12 август

Кыргызстанда акыркы жыйырма жылда пенсионерлердин саны дээрлик 300 миң адамга көбөйдү

Кыргызстанда акыркы жыйырма жылда пенсионерлердин саны дээрлик 300 миң адамга көбөйдү. Мындай маалыматтар Биринчи радионун эфиринде айтылды.

Социалдык фонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетовдун айтымында, 2005-жылы өлкөдө 530 миңге жакын пенсионер болсо, азыр алардын саны 830 миңге жакындады.

Социалдык фонддун расмий болжолуна ылайык, 2026-жылдын 1-октябрына карата пенсионерлердин саны 832,4 миң адамга жетери күтүлүүдө.

Ошентип, 2005-жылга салыштырмалуу пенсия алуучулардын саны болжол менен 302 миң адамга, же жарымынан көбүнө өскөн.

Мукамбетов белгилегендей, пенсия алуучулардын негизги бөлүгүн жаш курагы боюнча пенсияга чыккандар түзөт. Мындан тышкары, майыптыгы боюнча жана багуучусунан ажырагандыгына байланыштуу жөлөкпул жана пенсия алуучулар да бар.