Ош шаарындагы Навои сейил багында 18 жаштагы кыз аттракциондон кулап каза болду
Ош шаарындагы Навои сейил багында 18 жаштагы кыз аттракциондон кулап каза болду. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 21-сентябрда болгон. Милициянын маалыматы боюнча, аттракциондон кулап кетип, ооруканага жетпей каза болгон кыз тууралуу маалымат түшкөн.
Каза болгон жаран Кара-Суу районунун 2010-жылы туулган Ш. Т., аттуу тургуну болгон.
Тиешелүү экспертизалар дайындалып, оюн-зоок паркынын кызматкери, 2002-жылы туулган А.уулу С. суракка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
