Бишкекте кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча жыйын өттү
президенттин администрациясы
11 май

Бишкекте кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча жыйын өттү

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 11-майда, кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрдү.

Өз сөзүндө Адилет Орозбеков Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин, учурдагы чакырыктар менен коркунучтарды эске алуу менен, кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин азайтуу боюнча чараларды жөнгө салуучу улуттук стратегиялык документтин долбоорун тез арада иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү тобокелдиктерди камтыган жаңы чакырыктарга, ошондой эле ФАТФ стандарттарын улуттук мыйзамдарга ыкчам киргизүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

****