Ысык-Көл районунун акими кармалганы айтылууда
Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов кармалды. Бул тууралуу ЖМКлар жазышты.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 15-агусттагы чечими менен Жапарбек Ормонов 4-сентябрга чейин камакка алынды.
Райондук соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү берген. Соттун маалыматына ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылууда.
Ага козголгон кылмыш иши тууралуу ИИМ азырынча маалымат бере элек.
Белгилей кетсек, Жапарбек Ормонов аталган кызматка 2023-жылы дайындалган.
