Казакстандан ташылып келаткан 36 тонна ун Кыргызстанга киргизилген жок
Казакстандан ташылып келаткан 36 тонна ун Кыргызстанга киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгы тарабынан 8-июлда "Ак-Тилек" өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан "Жыйынды постунда" карантиндик фитосанитардык текшерүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө Казакстанга таандык 36 тонна ун Кыргызстандын аймагына ташып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган.
Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 Чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобонун 3.7 пунктуна ылайык, фитосанитардык тобокелдиги жогору карантинге алынган продукциянын партиясына фитосанитардык сертификат жоктугуна байланыштуу, жүк жөнөтүүчүгө кайра кайтарылган.
