Кыргызстандагы дата-борбор 1,5 млн чейин «акылдуу эсептегичтерди» башкара алат
www
8 июль

Кыргызстандагы дата-борбор 1,5 млн чейин «акылдуу эсептегичтерди» башкара алат

Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков электр менен камсыздоо системасын санариптештирген дата-борбордун иши тууралуу айтып берди.

Министрдин айтымында, Кыргызстандын энергетика системасына электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы (АСКУЭ) ийгиликтүү киргизилди. Бул система электр энергиясын эсепке алуу жана башкаруу процесстерин санариптештирүүгө багытталган.

«АСКУЭ долбоору Кыргызстандын энергетика тармагын санариптик трансформациялоодогу негизги багыттардын бири болуп саналат. Анын башкы максаты – электр энергиясынын керектелишин так эсепке алуу, маалыматтарды борборлоштурулган тартипте башкаруу, эсептешүүлөрдүн ачыктыгын камсыз кылуу жана электр тармактарындагы жоготууларды азайтуу», – деди Рысбеков.

Долбоор 2023-жылы Энергетика министрлигинин демилгеси менен, Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) колдоосу астында ишке киргизилген. Долбоордун жалпы бюджети 10,5 млн АКШ долларын түзөт.

Долбоордун алкагында Корея Республикасы заманбап сервердик жабдууларды жана 10 миң 618 даана «акылдуу» электр эсептегичтерин берген.

Долбоордун негизги объектиси – «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын базасында түзүлгөн заманбап дата-борбор. Ал өлкө боюнча орнотулган «акылдуу» эсептегичтерден түшкөн маалыматтарды кабыл алып, иштеп чыгып жана башкарат.

Министр белгилегендей, дата-борбор бирдиктүү маалыматтык платформа катары иштейт жана келечекте республика боюнча 1,5 миллионго чейин «акылдуу» эсептегичтин маалыматтарын башкарууга ылайыкталган.

Система төмөнкүдөй иштейт: «акылдуу» эсептегичтер электр энергиясын пайдалануу тууралуу маалыматтарды автоматтык түрдө борбордук системага жөнөтөт. Андан соң бул маалыматтар талданып, электр энергиясын керектөөнүн көлөмү, тармактардагы жүктөм жана мүмкүн болгон жоготуулар тууралуу так маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.