Эмгек акыны индексациялоого багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды
4 июнь

Эмгек акыны индексациялоого багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоо тапты.

Алсак, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кенештин депутаттары Гульнара Акимбаева, Равшанбек Рысбаев, Гүлнара Баатырова, Талайбек Масабиров тарабынан демилгеленген. 

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Гульнара Акимбаеванын айтымында, мыйзам долбоору эмгек акыны индексациялоону анын реалдуу мазмунун камсыз кылуунун мыйзамдык механизми катары бекитүү максатында иштелип чыкты. 

Мыйзам долбоордун негизги милдети менчиктин түрүнө карабастан, уюмдарда эмгек акыны индексациялоого бирдиктүү укуктук ыкмаларды белгилөө болуп саналат. 

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоорунун концепциясын колдой тургандыгын айтып, жеке уюмдарда эмгек акыны индексациялоонун төмөнкү деңгээли мамлекет тарабынан бекитилген көлөмдөн төмөн болбош керек деген эреже киргизүүнү сунуштады. 

Ал эми депутат Гүлшаркан Култаева эң төмөн айлык төлөнгөн тармактарда көпчүлүк учурда аялдар эмгектенерин жүйө келтирип, жеке уюмдарда жамааттык келишим жок болгон учурда Министрлер кабинети аныктайт деген ченем киргизүү керектигин кошумчалады.

Ошондой эле депутаттар Эльвира Сурабалдиева менен Салтанат Аманова мыйзам долбоорундагы эмгек мамилелерине байланышкан айрым ченемдер боюнча суроолорун узатышты.