Нарын: Жол боюндагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, унаа жолдорунун жээктеринде жол боюндагы тейлөө объектилерин мыйзамсыз жайгаштырууга жол бербөө максатында текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Анын алкагында Жумгал районундагы Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун боюнда жайгашкан “Бай-Дан” коомдук тамактануу жайынын (кафе) курулушка жана пайдаланууга уруксат документтери жок иш алып баргандыгы тастыкталды.
Бул өз кезегинде Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуу болуп саналат.
Натыйжада башкармалыктын адистери тарабынан жооптуу тарапка тиешелүү билдирүү берилип, курулуш ченемдери жана талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Анын негизинде объекттин ээси тарабынан аталган коомдук тамактануу жайы буздурулууда.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти бардык курулуш компанияларын жана жеке ишкерлерди курулуш иштерин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, курулуш ченемдерин жана техникалык талаптарды так сактоого чакырат.
