Жаңы жылдык майрамдар мезгилинде Бишкек шаарынын ИИББнын атайын камоочу жайы күчөтүлгөн тартипте иштеди
4 январь

Жаңы жылдык майрамдар мезгилинде Бишкек шаарынын ИИББнын атайын камоочу жайы күчөтүлгөн тартипте иштеди

Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана жаңы жылдык майрам күндөрү коомдук тартипти сактоо максатында, 2025-жылдын 29-декабрынан 2026-жылдын 8-январына чейин Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын кызматкерлери «Жогорулатылган» даярдык деңгээли менен күчөтүлгөн кызмат өтөө тартибине өткөрүлдү.

Кызмат өтөө учурунда милиция кызматкерлери укук бузуулардын алдын алуу жана аларды токтотуу, ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган алдын алуу жана ыкчам иш-чаралардын комплексин жүргүзүштү.

Сот органдарынын чечимдерине ылайык, көрсөтүлгөн мезгил ичинде ар кандай административдик укук бузуулар үчүн Бишкек шаарынын ИИББнын Коомдук коопсуздук кызматынын атайын камоочу жайына 120дан ашуун адам камакка алынып жайгаштырылды.

Укук бузуучуларды коомдон обочолонтуу шартында кармоо алдын алуу натыйжалуу чараларынын бири болуп саналат жана кайрадан укук бузуулардын алдын алууга өбөлгө түзөт.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы борбор калаанын тургундарын жана конокторун коомдук тартипти, жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат. Айрыкча, укук бузууларга, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук фактыларына жол берилбестигин баса белгилеп, жарандарды өз ара сый-урматка, жоопкерчиликке жана мыйзамды сыйлаган жүрүм-турумга чакырабыз.