Президент Садыр Жапаров Венесуэла жетекчилигине жана элине көңүл айтты
www
27 июнь

Президент Садыр Жапаров Венесуэла жетекчилигине жана элине көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров көп сандаган адам курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген жер титирөөгө байланыштуу Венесуэла Боливар Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Делси Родригеске көңүл айтты.

“Венесуэла Боливар Республикасында болгон күчтүү жер титирөөлөрдүн кесепетинен адамдар каза болуп, жаракат алды жана ири кыйроолор болду” деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына, ошондой эле Венесуэла элине аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам. Жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”, - деп айтылат президент Садыр Жапаровдун телеграммасында.

Эске сала кетсек, 24-июнда кечинде Венесуэлада катуу жер титирөө катталды. Сейсмологдор болжол менен 40 секунд аралык менен 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки күчтүү жер титирөөнү катташкан.