Кыргызстанда биринчи жолу 40 кабаттуу премиум класстагы турак жай курулат — Туманбаев
Кыргызстанда биринчи жолу 40 кабаттуу премиум класстагы турак жай курулат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымына караганда, Кыргызстанда 94 пайыз жер тилкеси тоолуу, ал эми 6 пайызы түздүк болуп саналат.
"Биздин шаарлар күн санап чоңоюп, калктын саны өсүүдө. Сейсмологиялык талаптардын баары эске алынып, коопсуздук нормаларына жооп берген көп кабаттуу үйлөр курулат. Мамлекеттик ипотекалык компания президентибиздин тапшырмасына ылайык, Кыргызстанда биринчи жолу, Бишкек шаарында 40 кабаттуу премиум класстагы турак жайдын курулушу башталууда", – деди ал.
