Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Япониянын жаңы элчиси Хирано Рюитини кабыл алды
27 январь

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Япониянын жаңы элчиси Хирано Рюитини кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн, 27-январда Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюитини кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты. 

Жолугушууда Кыргызстан менен Япониянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Алгач төрага Нурланбек Тургунбек уулу Хирано Рюитини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап:

“Сиздин өмүр таржымалыңызга карап, дипломатия жаатында бай тажрыйбага ээ экениңизди билдим. Андыктан, тажрыйбалуу элчи катары кыргыз-жапон кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга салым кошосуз деген терең ишеничтемин”, – деди.

Ошондой эле Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан бери Жапония менен бардык багыттарда тыгыз иш алып барып келе жатканын айткан төрага:

“Айрыкча Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) өлкөбүздөгү ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүп, керектүү демилгелерибизди колдоого алууда. Андан тышкары, кыргызстандыктардын Жапонияда билимин улантуусуна да чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, жыл сайын көптөгөн жаштарыбыз окууга жөнөтүлүүдө”, – деп кошумчалады.

Муну менен катар өткөн жылы Жапония+Борбор Азия форматындагы өлкө жетекчилеринин жолугушуусу да жемиштүү болгонун эске салган Нурланбек Тургунбек уулу аталган самитте жетишилген макулдашуулар ийгиликтүү ишке ашарына ишеним артты.

Мындан сырткары, парламенттер аралык байланышты өнүктүрүү багытында да алгылыктуу иштер жасалып жатканын белгилеген төрага мында депутаттык достук топторунун салымы чоң экенине токтолду.

Өз кезегинде элчи Хирано Рюити да айтылган жылуу тилек, сунуштары үчүн Нурланбек Тургунбек уулуна ыраазычылык билдирип, кайрадан Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап өттү.

Ошону менен катар элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында жасай турган иштери тууралуу учкай кеп кылган Хирано Рюити парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Жолугушууда эки тараптуу жетишилген келишимдерди ратификациялоо жана парламенттер аралык расмий иш сапарларды уюштуруу тууралуу да сөз болду.