Оштун мэри үч эмге эки бөлмөлүү батир тапшырды
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев үч эмге 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Айзирек, Айтунук жана Айназик Муратовалар 3-класста окушат. Буга чейин кыздардын таенеси мэрге жолугуп, жагдайын түшүндүргөн.
Жеңишбек Токторбаев кыздарга кең келечек каалап, тез күндө жаңы батирине жайгаштыруу тапшырмасын берди.
