Түптө кара куурай тобундагы баңгизаттарды даярдоочу жашыруун лаборатория аныкталды
КР Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдө кара куурай тобундагы баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо жана ташуу менен алектенген кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Түп районунун аймагынан кара куурай тобундагы баңгизаттарды даярдоочу жашыруун лабораторияны аныкташкан.
Баңгизаттын кезектеги партиясын даярдоо учурунда кылмыштуу топтун уюштуруучусу – 1987-жылы туулган Б.Н.Б., даярдоочулар – 1995-жылы туулган А.Д.Т. жана 2000-жылы туулган К.А.Б., ошондой эле ташуучу катары 2000-жылы туулган Н.Д.Б. аттуу жарандар кармалышкан.
Жашыруун лабораторияга жүргүзүлгөн кечиктирилгис тинтүү иштеринин жүрүшүндө жалпы салмагы 51 килограмм 200 грамм болгон баңгизаттар алынган. Алардын ичинен 4 килограмм 100 граммы гашиш, 7 килограмм 300 граммы гашиш майы жана 39 килограмм 600 граммы марихуана заты болгон.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Алынган баңгизаттар боюнча соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.
Ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
