Нурдан Орунтаев бир катар куруучуларды сыйланды
2-август Куруучулар күнүнө жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 101 жылдыгына карата министрликте салтанаттуу сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу 31-июлда Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тармак өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады.
Ал өз сөзүндө 2-август – жөн гана кесиптик майрам эмес, бул – өз өмүрүн курулуш тармагына арнаган адамдардын эмгегине таазим кылган, тармактын тарыхын эскерип, бүгүнкү жетишкендиктерине баа берген өзгөчө күн экенин белгиледи.
Ошондой эле соңку беш жыл ичинде өлкө президенти Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясаттын алкагында курулуш тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, болуп көрбөгөндөй ири курулуш долбоорлору ишке ашырылып жатканын билдирди. Бул өзгөрүүлөр өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталганына токтолду.
Иш-чаранын жүрүшүндө министрликтин бир катар кызматкерлери, ошондой эле өлкөнүн архитектура жана курулуш тармагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон адистер жана өнөктөштөр “Ак ниет кызматы үчүн” төш белгиси, “Ардактуу куруучу” төш белгиси, “Ардактуу архитектор”, “Кызматташтык үчүн” төш белги жана Ардак грамоталар менен сыйланды.
Мындан тышкары, салтанаттын алкагында Курулуш министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаардык кеңешинин энчилүү кол сааты менен сыйланып, министрдин орун басарлары жана министрликтин бир катар кызматкерлерине медалдар, ордендер, төш белгилер жана Ардак грамоталар тапшырылды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзу тарабынан Шаар куруу жана архитектура департаментинин кызматкерлерине архитектура жана курулуш тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйлыктар тапшырылды.
Министр сыйлык алган ар бир кызматкер жана тармак өкүлүнүн эмгеги өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымына берилген татыктуу баа экенин белгилеп, аларга бекем ден соолук, жаңы ийгиликтер жана жооптуу ишинде мындан аркы жетишкендиктерди каалады.
