Нью-Делидеги мейманканадан өрт чыгып, үч кыргызстандык каза болду
Сүрт: Аssociated Press
3 июнь

Нью-Делидеги мейманканадан өрт чыгып, үч кыргызстандык каза болду

Индиянын Нью-Дели шаарынын Малвия Нагар районунда жайгашкан Florist Inn мейманканасында чыккан өрттүн кесепетинен 21 адам, алардын арасында Кыргызстандын үч жараны 1976-ж.т., Х.Н., 2003-ж.т. Х.Т., 1950-ж.т. К.М. каза болду.

КР ТИМден кабарлашкандай, каргашалуу окуя 3-июнда катталган.

Индиянын компетенттүү органдарынын маалыматына ылайык, мейманканада жашаган чет элдик жарандардын көбү Нью-Дели шаарындагы медициналык мекемелерде дарылануу максатында Индияга келишкен. 

Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчилиги Индиянын компетенттүү органдары, ошондой эле каза болгон жарандардын туугандары менен тынымсыз байланышта болуп, зарыл болгон консулдук-укуктук жардамды көрсөтүүдө. 

Учурда каза болгон жарандарынын сөөктөрүн мекенине жеткирүү жана зарыл документтерди тариздөө маселелери иштелип жатат.