Зардалы айылынын башкы планы талкууланды
Зардалы айылынын башкы планы талкууланды, деп билдирет Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы.
Билдирүүгө караганда, жакынкы айларда башкы план толукталып, жергиликтүү депутаттардын кезектеги сессиясында каралып, бекитүүгө сунушталат.
"Бул кадам Зардалы айылынын келечектеги өнүгүүсүнө, инфраструктурасын жакшыртууга жана жашоочулардын жашоо шартын көтөрүүгө чоң салым кошот", - деп айтылат маалыматта.
