Мамагенттик жана БУУӨП кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулады
КР Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте агенттиктин директору Элчибек Жантаев Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен кабарлашты.
Жолугушууда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, санариптик трансформация жана кадрдык потенциалды чыңдоо маселелери талкууланды.
Жантаев административдик-аймактык реформанын ийгиликтүү ишке ашырылышын, жергиликтүү кеңештердин ишин өркүндөтүү үчүн ченемдик жана методикалык документтердин иштелип чыкканын, ошондой эле депутаттар, айыл өкмөт башчылары жана аял жетекчилер үчүн кадрларды даярдоо программалары жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
А.Соловьева агенттиктин жергиликтүү башкарууну жана социалдык биримдикти бекемдөөгө багытталган ишмердүүлүгүн жогору баалап, уюмдун колдоосу 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын алкагында ишке ашырыларын билдирди.
БУУӨП иши натыйжалуу мамлекеттик башкаруу, климаттык туруктуулук жана жашыл, инклюзивдүү, санариптик өнүгүү багыттарын камтыйт.
Тараптар аймактарды санариптештирүү, «Санарип аймак» тутумун өнүктүрүү, кадрларды тандоо жана баалоо механизмдерин жакшыртуу, ошондой эле тынчтыкты жана диалогду илгерилетүү боюнча биргелешкен демилгелерди кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.
