Сүрөт ачык булактардан алынды
31 июль
Кыргызстандыктардын дээрлик жарымы жумуштун натыйжалуулугу кесипке жараша болот деп эсептейт
Кыргызстандагы сурамжылоого катышкан жумуш издөөчүлөрдүн 49%ы бардык кесиптерге ылайыктуу универсалдуу иштөө форматы жок деп эсептейт.
headhunter.kg платформасы жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, респонденттердин дээрлик жарымы кеңседе, аралыктан же гибриддик форматта иштөөнүн натыйжалуулугу конкреттүү кесипке жана аткарылган милдеттерге жараша болорун белгилешкен.
Сурамжылоого катышкандардын 28%ы гибриддик иштөө форматын эң натыйжалуу деп атаган.
Ал эми 12%ы кеңседе толук кандуу иштөөнү эң эффективдүү деп эсептесе, 10%ы толугу менен аралыктан иштөөнү тандаган. Дагы 1% респондент башка жооп варианттарын көрсөткөн.
Сурамжылоо headhunter.kg платформасы тарабынан Кыргызстандын 259 жумуш издөөчүсүнүн арасында жүргүзүлгөн.
