Ысык-Көл облусунда 1,1 миң чакырым электр зымдары техникалык тейлөөдөн өттү
Ысык-Көл электр тармагы ишканасы Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык иштерин бекитилген план боюнча улантууда.
2025-жылдын башынан бери ишкана тарабынан:
- 895 даана 10/0,4 кВ чыңалуудагы көмөк чордон;
- 1163,2 чакырым аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өттү.
Ошону менен бирге капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө:
- 133,4 чакырым аба чубалгылары;
- 175 даана көмөк чордондору толук оңдоодон өттү;
- иштөө мөөнөтү бүткөн 451 жыгач мамы жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылды.
Мындан тышкары, трансформатордук оңдоо цехинин кызматкерлери жыл башынан бери 70 трансформаторду толук оңдоп, алардын 14 тоннага жакын майын тазалашты.
Ишкана күз-кыш мезгилине даярдык иштерин активдүү улантып жаткандыктан, абоненттерден техникалык тейлөө жана пландуу ремонт иштерине байланыштуу электр энергиясын убактылуу өчүрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.
