Быйыл Ош шаарында 70 көп кабаттуу үйдүн фасады оңдолот
видеодон алынган кадр
8 июль

Быйыл Ош шаарында 70 көп кабаттуу үйдүн фасады оңдолот

Ош шаарында 2026-жылы 70 көп кабаттуу турак жайдын сырткы фасадын актап-сырдоо иштери жүргүзүлөт.

Мэриядан кабарлашкандай, бул иштер Ош шаарынын мэриясынын "кош каржылоо" долбоорунун алкагында ишке ашып жатат.

Долбоорго ылайык оңдоо иштеринин 50% мэрия, 50% үй ээлери тарабынан каржыланат.

Учурда 30 көп кабаттуу үйдүн фасады толук оңдолуп бүтүп, 15 үйдө иштер башталды. Азыркы учурда Анар 9 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн фасады актап-сырдалууда.

Ош шаарынын мэриясы мындан ары да шаардык инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштерди улантат.