Турусункулов Гана Республикасынын Элчиси ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды
14 март

Турусункулов Гана Республикасынын Элчиси ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды

2026-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турусункулов резиденциясы Тегеран шаарында жайгашкан Гана Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси МакАриос Аканбеанаб Аканбонгдун ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-гана мамилелерин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде Гана Республикасынын Тышкы иштер министри Самюэл Окудзето Аблакванын Кыргыз Республикасына боло турган расмий сапары талкууланды.