Ак-Талаа районундагы Баетов айылында Калкты тейлөө борбору курулууда
Курулуш министрлиги
3 июнь

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында Калкты тейлөө борбору курулууда

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жаңы Калкты тейлөө борборунун курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. 

Долбоор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып, каржылоо республикалык бюджеттен каралган.

Курулуш иштери параллелдүү долбоорлоо ыкмасы менен жүргүзүлүүдө.

Имараттын жалпы аянты 2215 чарчы метрди түзүп, жер төлөсү менен кошо үч кабаттан турат. Борбордо жарандарды кабыл алуу жана тейлөө үчүн заманбап шарттар каралат.

Курулуш-монтаждоо иштери 2025-жылдын октябрь айында башталган. Учурда объектте иштер бекитилген графикке ылайык аткарылууда. Курулуштун сапаты жана ар бир этабы министрликтин алдындагы тиешелүү департаменттер тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Долбоор аймактагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн арттырууга жана калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.