БШК: Садыр Жапаров президенттик кызматта туруп шайлоого катыша алат
Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдары Садыр Жапаровго мамлекет башчысы кызматын аткарууну улантуу менен президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, президент жана Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо өнөктүгү учурунда өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын токтотууга милдеттүү эмес.
Мындай өзгөчөлүк «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган.
Шайназаров ошондой эле президенттик шайлоо ачык атаандаштык шартында өтүшү керектигин белгиледи.
Анын айтымында, административдик ресурс колдонууга жол берилбейт жана Борбордук шайлоо комиссиясына бийлик тарабынан басым көрсөтүлгөн жок.
