Бишкекке кезектеги туристтик поезд келди
6 апрель

Бишкекке кезектеги туристтик поезд келди

Улуу Жибек жолу багыты боюнча Борбор Азиянын беш өлкөсү аркылуу жүргөн Германиянын Lernidee Erlebnisreisen GmbH туроператорунун эл аралык туристтик поезди бүгүн, 6-апрелде Бишкек-2 темир жол бекетине келди.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашкандай, 12 заманбап жана ыңгайлуу вагондон турган поезд менен Батыш Европа, Түндүк Америка жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн 60тан ашуун туристтер келишти.

Чет элдик туристтердин Бишкек-2 темир жол бекетине келиши майрамдык программа менен коштолду. Аталган иш-чара «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы менен Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан биргелешип уюштурулду.

Конокторго музыкалык ансамблдин өнөрү тартууланып, кыргыз элинин салттуу кол өнөрчүлүк буюмдары көргөзүлдү.

«Кыргыз темир жолу» УК» МИси туристтик поезддин Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймыл графигинин так сакталышын, ошондой эле жүргүнчүлөрдүн коопсуз жана ыңгайлуу болушу үчүн бардык зарыл шарттарды камсыз кылууда.

Мындай деңгээлдеги эл аралык туристтик поезддин келиши Кыргызстанды коопсуз, меймандос жана темир жол туризми үчүн жагымдуу өлкө катары таанытууга өбөлгө түзөт. Бул иш-чара чет элдик конокторду өлкөнүн кооз жаратылышы, бай маданияты, улуттук каада-салттары жана тарыхый мурасы менен тааныштырып, Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде жайылтууга көмөк көрсөтөт.