Жаанбаев “депутаттар Министрлер Кабинетине душман эместигин” эскертти
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Жаанбаев үч маселе көтөрдү.
Биринчиси, Ноокат районундагы Кара-Кой жаратылыш паркы.
Депутаттын айтымында, аны өнүктүрүүгө мамлекет көптөгөн каражат салды, бирок ал жерде иштегендердин орой мамилесинен улам сырттан келген туристтер артка кайтып кеткен учурлар көп кездешет.
“Бул жерге санариптештирүүнүн алкагында, терминал коюп берсеңиздер, отчет үчүн жакшы болмок”, – деди депутат.
Экинчиси, дыйкандардын кайрылуулары. Депутаттын айтымында, дыйкандар скважина боюнча көйгөйлөргө туш болушууда.
“Скважина казуу 150 миң сомду талап кылат. Аны дыйкандар суу таңкыстыгынын айынан, өз чөнтөгүнөн акча чыгарып каздырып жатышат. Бирок документтештирүүгө келгенде ПСД жок экен деп, баш тартып коюшат. Айыл чарба министрлиги, ПСД даярдоодо төлөнчү акыны арзандатып берсеңиздер”, – деди депутат.
Жаанбаев Министрлер Кабинетине кайрылып, “депутаттар өкмөткө душман эместигин” эскертти.
“Азыр жер-жерлерде жергиликтүү бийлик эл менен жолугушуп жатат, ар кандай маселелер көтөрүлүүдө. Мында эл дагы, бийлик дагы убара болуп жатат. Депутаттар өкмөткө душман эмеспиз, конкреттүү сунуштарды беребиз, бирок жообун ала албайбыз. Дагы бир сунуш – ар бир районго “Түндүк” сыяктуу тиркеме түзсөңүздөр. Ошол жерде эл бардык арызын, даттануусун жазса, бардык маселе ачык-айкын болот эле”, – деди ал.
