Чолпон-Атада Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевди расмий жолугушуу аземи өттү
президенттин администрациясы
31 июль

Чолпон-Атада Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевди расмий жолугушуу аземи өттү

Бүгүн, 31-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиевди Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун расмий тосуп алуу аземи болуп өттү.

Азем “Рух-Ордо” маданий борборунда өткөрүлдү. Өз ара саламдашкан соң мамлекет башчылар ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты. Андан соң эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

Мындан кийин президенттер ардак кароол ротасынын сабын кыдырды.

Президент Ильхам Алиев аскер кызматкерлери менен “Салам, аскер!” деп саламдашты. Ошондой эле лидерлер зоот кийимчен этно-аскерлердин жанынан өтүштү. Мындан кийин мамлекет башчылар өз делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.

Биргелешкен сүрөткө түшүү аземинен кийин Садыр Жапаров жана Ильхам Алиев бетме-бет сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн боз үйгө жөнөштү.