2035-жылга карата Пекиндин ар бир үчүнчү тургуну 60 жаштан ашат
Сүрөт ачык булактардан алынды
20 октябрь

2035-жылга карата Пекиндин ар бир үчүнчү тургуну 60 жаштан ашат

2035-жылга карата Кытайдын борбору Пекин шаарында 60 жаштан жогору курактагы тургундардын үлүшү 33%га жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Global Times басылмасы шаар бийлигинин божомолуна таянып жазды.

2025-жылдын аягында Пекинде 60 жаштан ашкан 5 млн 288 миң адам жашаган. Бул шаардын жалпы калкынын 24,3%ын түзгөн.

Калктын улгайып баратканына байланыштуу шаарда карыларга социалдык кызмат көрсөтүү жана кам көрүү системасы кеңейтилүүдө.

Учурда Пекинде улгайган адамдарды тейлеген 620 мекеме, 168 аймактык борбор жана үйдөн жардам көрсөтүүчү 1,5 миңден ашык пункт иштейт. Алардын жалпы сыйымдуулугу болжол менен 155 миң орунду түзөт.

Мындан тышкары, шаарда улгайган адамдарга тамак жеткирүүчү 3 миңге жакын пункт катталган. Алар шаардын шаардык жана айылдык аймактарынын болжол менен 90%ын камтыйт.

Алдыдагы үч жылда Пекин бийлиги улгайган адамдарга үйдөн кам көрүү кызматын көрсөтүү үчүн дагы 30 миң орун түзүүнү пландап жатат.