Бишкек шаарында «Арсенал» аттуу ыкчам-алдын алуу иш-чарасы уланууда
8 февраль

Бишкек шаарында «Арсенал» аттуу ыкчам-алдын алуу иш-чарасы уланууда

Бишкек шаарынын аймагында курал-жарактардын, ок-дарылар, жардыргыч заттардын жана жардыруучу түзүлүштөрдүн мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныктоо жана алдын алуу максатында «Арсенал» аталыштагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери жарандарда жана юридикалык жактарда каттоодо турган ок атуучу куралдардын инвентаризациясын жүргүзүү, аларды сактоо шарттарын текшерүү, мыйзамсыз жүгүртүүдөгү куралдарды аныктоо жана алып коюу, ошондой эле уруксат берүүчү тиешелүү документтери жок сакталган жана сатылган курал фактыларын аныктоо боюнча комплекстүү чараларды көрүшүүдө. Өзгөчө көңүл 2010-жылдагы окуялар учурунда жоголгон жана уурдалган курал-жарактарды жана ок-дарыларды табууга бурулууда.

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды жоопкерчиликти көрсөтүүгө жана укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө чакырат. Мыйзамсыз сакталган курал же ок-дарылар тууралуу маалыматыңыз болсо, ички иштер органдарына билдирүүгө зарыл. Куралды ыктыярдуу түрдө тапшыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтен бошотот.