Ош: «Аль Мансур» жана «Абу Бакр» кафелери демонтаждалат
Таңкы рейддин алкагында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан «Аль Мансур» жана «Абу Бакр» кафелеринин имараттарын жеринен көрүп чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган объектилердин курулуш иштеринде тиешелүү уруксат кагаздары жок экени жана шаар куруу талаптары сакталбаганы аныкталып, мыйзам бузуу фактылары катталды. Ушуга байланыштуу тиешелүү кызматтарга мыйзамсыз курулуштарды белгиленген тартипте демонтаждоо боюнча эскертүү берүү тапшырмасы берилди.
Ошондой эле шаар башчысы мыйзамсыз курулуштарга жол берилбеши керектигин баса белгилеп, мындан ары шаар аймагында бардык курулуш иштер мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүшү зарылдыгын эскертти. Тиешелүү мекемелерге мындай объектилерди алдын ала аныктап, түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы коюлду.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кафелер боюнча Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен шаар мэринин жолугушуусунда көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары объектилердин мыйзамдуулугун карап берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Жарандардын кайрылуусунун негизинде бул маселе көзөмөлгө алынып, тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
