Чүйдө психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген жаран кармалды
2026-жылдын 5-май күнү Аламүдүн РИИБге Аламүдүн районунун Ленин айылынын Алма-Ата көчөсүндө 2000-жылы туулган С.М. аттуу жарандан 50 (элүү) даана баштыкчага таңгакталган белгисиз зат табылгандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Аталган факт каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө «Арсенал» аталышындагы рейддик иш-чаранын алкагында 2000-жылы туулган С.А. аттуу жаран токтотулган. Анын жанынан 50 (элүү) даана баштыкчага таңгакталган жана бир даана ачык түстөгү баштыкчага оролгон ак түстөгү белгисиз зат табылганы аныкталган.
Белгисиз зат боюнча дайындалган соттук экспертизанын алдын ала корутундусуна ылайык, ал жалпы салмагы 96 граммды (баштыкчасы менен кошо) түзгөн альфа-PVP аталышындагы психотроптук зат экендиги аныкталган.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде 2000-жылы туулган С.А. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
