Сузак районундагы Сузак – Кату унаа жолунун 21 чакырымына асфальт төшөлүүдө
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Каду айылына чейинки автожолду оңдоо жана асфальттоо иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Учурда автожолдун 8-километринен 29-километрине чейинки 21 километр аралыгында иштер жүргүзүлүүдө. Анын ичинен 16 километр жолго асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери аяктоо алдында турат. Ал эми калган 5 километр тилкеде жер жумуштары аткарылууда.
Оңдоо иштеринин алкагында эски асфальт толугу менен сыйрылып алынып, жолдун негизин тегиздөө жана түздөө иштери жүргүзүлгөн. Учурда асфальт төшөө менен катар жолдун жээгин иретке келтирүү жана жашылдандыруу иштери да жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкө аймактарындагы жол инфраструктурасын жакшыртуу иштерин улантууда.
