Кыргызстан менен Өзбекстан баңгизат ташыган эл аралык каналдын бетин ачты
3 июнь

Кыргызстан менен Өзбекстан баңгизат ташыган эл аралык каналдын бетин ачты

Кыргызстан менен Өзбекстандын Ички иштер министрлиги тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Баткен облусунда баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу жана сатуу фактысы аныкталган.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө «Э.» аттуу жаран Тажикстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө ири өлчөмдө «гашиш» баңгизатын мыйзамсыз алып келип, андан ары сатуу максатында ташып жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул жаран 1993-жылы туулган Э.Э.Й. экендиги аныкталып, ал баңгизатын сатууга аракет кылып жаткан учурда кармалган.

Кармалган жарандын өзүн жана автоунаасын тинтүү учурунда сары түстөгү скотч менен оролгон, өзгөчө жыты бар зат салынган үч таңгак табылып, алынган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 3 килограммды түзгөн.

Андан соң анын жашаган жеринде жүргүзүлгөн шашылыш тинтүү учурунда ушуга окшош дагы 31 таңгак табылып, алынган. Алардын жалпы салмагы 31 килограмм 398 граммды түзгөн. Жалпы алынган баңгизаттын салмагы 34 килограмм 448 грамм болду.

Учурда алынган заттардын так түрүн жана салмагын аныктоо үчүн соттук-химиялык экспертиза дайындалды.

Мындан тышкары, Тажикстан Республикасынын аймагынан Кыргыз Республикасы аркылуу Өзбекстан Республикасына баңгизаттарды мыйзамсыз ташууга тиешеси бар кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Кыргызстан менен Өзбекстандын укук коргоо органдарынын өз ара кызматташуусунун жана ыкчам маалымат алмашуусунун негизинде коңшу мамлекеттин аймагында дагы кошумча иш-чаралар жүргүзүлгөн. Натыйжада Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан 14 килограмм гашиш жана 1 килограмм апийим алынган. Ошондой эле мыйзамсыз баңгизат жүгүртүү каналына тиешеси бар деп шектелген 1995-жылы туулган Х.Т.Т. аттуу жаран кармалган.