ӨКМ башчысы Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборду текшерди
7 февраль

ӨКМ башчысы Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборду текшерди

Бүгүн, 7-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда министр Бообек Ажикеев өздүк курамдын даярдыгы, борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ведомстводон кабарлашкандай, министр алгач аскердик кызматын өтөп жаткан жоокерлерден кабар алып, жатаканасынан, машыккан жайларына чейин көрүп чыкты.

Ошондой эле мөөнөттөгү жоокерлерге кысым көрсөтүүнү болтурбоо үчүн жатаканаларга, машыккан жайларга коюлган 112 видеокамеранын иштөөсүн текшерип, үзгүлтүксүз камсыз болуусун тапшырды.

“Көп тил билген адамга дүйнө жарык. Аскердик кызматын өтөө милдетин аяктаганга чейин түрк, англис тилдерин үйрөнсөңөр сиздер үчүн өзгөчө артыкчылык болот”, – деген министр тил үйрөтүү курстарын уюштурууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды.

Өз кезегинде мамлекеттик борбордун материалдык-техникалык базасын бекемдөө, жоокерлердин ашканасын, жатаканасын, медициналык пунктуна чейин заманбап деңгээлде жакшыртууну демилгеледи.