Кызыл-Кыяда мамлекеттик тил мыйзамын одоно бузган жарнамалар алынды
видеодон алынган кадр
11 август

Кызыл-Кыяда мамлекеттик тил мыйзамын одоно бузган жарнамалар алынды

Ушул жылдын 11-августунда Кызыл-Кыя шаарынын мэриянын мамлекеттик тил комиссиясы, Молодежная, Асаналиев көчөсүндө жайгашкан соода-сатык түйүндөрүн, жана башка кызмат көрсөтүүчү жайларды текшерүүгө алышты, жыйынтыгында мамлекеттик тил мыйзамын одоно бузган, архитектуралык талаптарга жооп бербеген жарнамалар алынды. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынан кабарлашты. 

Мындан сырткары, мыйзамсыз илинген жарнамалардын ээлерине “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын жана “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү боюнча эскертүүлөр берилип, айып пулдар салынды.