Бишкекте «Тилемчилик» аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү
Бишкек шаарынын ИИББнын Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери райондук ИИБнын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү менен биргеликте «Тилемчилик» аталышындагы профилактикалык рейддик иш-чара өткөрүштү.
Рейддин жүрүшүндө негизги көчөлөр, коомдук жайлар, кафе, ресторандар жана интернет-клубдар текшерилди. Натыйжада жарамазан айтып жана кайыр сурап жүргөн 90дон ашык жашы жете элек өспүрүм аныкталды. Балдар жана ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мыйзам бузуу фактылары боюнча төмөнкүдөй административдик протоколдор түзүлдү:
– КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74-беренеси (балдардын ден соолугуна, физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу чаралары тууралуу мыйзам талаптарын бузуу) боюнча – 29 протокол;
– 102-берене (ата-энелик милдеттерди аткаруудан баш тартуу) боюнча – 12 протокол.
Жыйынтыгында салынган айып пулдардын жалпы суммасы 40 миң сомдон ашты.
Мындан тышкары, 15 жашы жете элек өспүрүм профилактика борборуна жеткирилди. Алардын ичинен 2 бала балдар мекемесине жайгаштырылып, калгандары ата-энелерине өткөрүлүп берилди.
Ошондой эле кафе, ресторан, «антикино» жана интернет-клубдардын ээлери менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жашы жете электердин ата-энесинин коштоосуз саат 22:00дөн кийин мындай жайларда болуусуна тыюу салынары тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бишкек шаарынын ИИББгы ата-энелерди балдарынын тарбиясына жана алардын бош убактысын көзөмөлдөөгө көбүрөөк көңүл бурууга чакырат.
