Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге Ж.Ж. жаран арыз менен кайрылып, анда Х.А. аттуу жаранга карата мыйзамлуу чара көрүп берүүсүн суранган. Себеби, 2026-жылдын 12 январында, Бишкек шаарынын Мадиева көчөсү ишенимине кирип, алдоо жолу менен, Мекке шаарына ажылык сапарын уюштуруп берүү деген шылтоо менен 110 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алган. Андан соң убадасын аткарбай, белгисиз багытта жашырынып кеткендигин билдирген.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Октябрь РИИБдин тергөө аракеттери жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан, 2002-жылы туулган жаран Х.А. аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
