Транспорт министрлиги
29 апрель
Аксы районундагы Кара-Жыгач — Кара-Суу унаа жолунун бир тарабы ачылды
Аксы районундагы Кара-Жыгач — Кара-Суу унаа жолунун бир тарабы ачылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, түндөгү катуу жааган жаандан улам сел жолду толук бөгөп калган.
Жолдун 9 жерин чоң сел алган.
Таңдан бери жеринде "Кыргызавтожол-Түштүк" МИнин Nº12 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп, жамгырдан кийинки табигый кырсыктарды жоюу иштерин аткарышууда.
Ушу тапта жеринде техникалар иштеп жатат. Жол каттам бир тараптуу ачык.
